Дүзжедеги өндүрштүк объект

Дүзжедеги өндүрштүк объект
2000-жылдан тартып Nobel İlaç алкагында иштеген Дүзжедеги Өндүрүштүк объект жогорку технологияга ээ техника паркы жана толук автоматизацияланган, адам башкарбаган, жогорку технологиялуу кампасы менен ишмердүүлүк жүргүзөт.

40 000 м2 жакын жабык аянтка ээ биздин ишканада жогорку деңгээлде GMP талаптары аткарылат жана ал улантылат, ал эми өндүрүш айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбеген технологияларды колдонуу менен ишке ашырылат.

Биздин ишкана автоматизация системалары менен коштолгон, акыркы жаңы техника менен жабдылган жогорку ылдамдыктагы өндүрүштүк жана таңгактоо машиналары менен иштейт. Жөнөкөй өндүрүш аспаптарын колдонуу менен дайыма жакшыртуу техникалары колдонулган объектибизде Индустрия 4.0 долбоорлору узак мөөнөттүү өзгөрүү саясатыбыздын маанилүү бир бөлүгүн түзүп турат.

Nobel İlaç компаниясы өзүнүн продукциясы менен бирге, ар кандай жергиликтүү жана эл аралык компаниялар үчүн профилдик өндүрүштү ишке ашырат. Биздин өндүрүштүк комплекстер, Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен сырткары Европа биримдигинин, Украинанын, Россиянын, Сауд Аравиясынын, Беларусиянын эл аралык органдарынын текшерүүсүнөн өтүп, продукцияны сапаттуу өндүрүү боюнча тастыкталган.

Биздин өндүрүштүк комплекс сапат, айлана-чөйрө, иш саламаттыгы жана коопсуздукка болгон мамилесин тастыктаган ISO 9001, ISO 14001, OHSAS 18001 сертификаттарына ээ.

Дүзжедеги объекттерде өндүрүлгөн бардык фармацевттик дары-дармек формалары дүйнөлүк деңгээлдеги «Заманбап мыкты өндүрүштүк тажрыйба (GMP)» эрежелерине жооп берет.

Катуу дары-дармек формалары: таблетка, капталган таблетка, капсула, драже, күкүм, саше, гранул.

Суюк дары-дармек формалары: сироп, суспензия, эритме, эмульсия, спрей.

Жарым катуу дары-дармек формалары: крем, помада, гель.

Суюк стерилдүү дары-дармек формалары: инъекциялык флакондор, бир жолу колдонулуучу ийнелер (шприц).