Биотехнология биздин стратегиялык артыкчылыгыбыз

Биотехнология биздин стратегиялык артыкчылыгыбыз
Nobel İlaç компаниясы биотехнологияны стратегиялык артыкчылык деп тааныйт. 2005-жылы Түркиядагы жергиликтүү фармацевттик фирмалардын арасында биринчи болуп Интерферон Альфа II Фаза клиникалык изилдөөсү менен кадам таштаган Nobel İlaç өзүнүн жеке капиталы менен баштаган биотехнологиялык изилдөөлөрүн мамлекеттин колдоосу менен биргеликте уланткан.

2015-жыл Nobelİlaç компаниясы жана Түркия үчүн фармацевттик жана биотехнология тармагындагы негизги жыл болуп эсептелет. 28 долбоор жана 21 компаниянын арасынан Nobelİlaç компаниясы 10 миллион АКШ доллар суммадагы KAMAG 1007 долбооруна татыктуу болгон жалгыз компания болуп тандалган. Бул долбоор аркылуу биосымал боюнча биринчи улуттук долбоор (BIOSIM-1) демилгеленген. TÜBİTAK илимий изилдөөлөр фондунун жана Билкент университетинин колдоосу менен 2016-жылы биотехнологиялык оригиналдуу молекуланын өнүгүүсү боюнча биринчи долбоор болгон bi-mAb рекомбинаттык долбоору башталган.

Nobel İlaç компаниясы ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо жогорку кошумчаланган баасы бар дары-дармектерди колдоону ишке ашырат жана Түркияда фармацевттик тармакта сырткы сооданын жетишсиздиктерин толуктайт.

Түп тамырынан бери дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC (Эл апалык Каржы Корпорациясы) 100% жергиликтүү капиталга ээ болгон Nobel İlaç компаниясынын биотехнологиялык фармацевттик өндүрүштүк комлексине 25 миллион АКШ долларын инвестициялаган. TÜBİTAK илимий изилдөөлөр фонду бул инвестициялык программаны каржылык жана техникалык жактан да колдогон.

Nobel İlaç компаниясы мындай инвестициялардан сырткары, оригиналдуу молекуланын биотехнологиясынын өнүгүүсүнө басым жасоо менен компаниянын да, Түркиянын да эл аралык атаандаштыгын жогорулатуу максатын койгон.

Nobelİlaç компаниясынын фармацевттик биотехнологиясына жасалган инвестициялары 3 ар башка ишканаларда түзгөн илимий-изилдөө борборлорунан жана 10 000 л чейинки көлөмдө өндүрүш жасаган курулуштардан турат.

Биотехнология тармагында жергиликтүү өндүрүштү ишке ашыруу жана жаңы молекулдардын өнүктүрүлүшү максат катары таанылып, азыркы учурда Tübitak Marmara технопаркында курулушу аяктаган GMP/GLP шарттарын камсыздаган Nobel ilaç имараттарында өлкөбүздүн муктаждыктары эң негизгиси катары каралып, инновациялык жана кошумча баасы жогору продукциясын өндүрүү аракетибиз менен Түркиянын бул тармактагы боштугун жергиликтүү капитал менен толуктоону максат кылдык.