Nobel компаниясында иштөөнүн артыкчылыктары

Nobel компаниясында иштөөнүн артыкчылыктары
Иш чөйрөсү жана кызматкерлердин муктаждыктарын канааттандырууга багытталган «Жашоо», кадр ресурстары жана карьера пландарына багытталган «Карьера», билим берүү жана тажрыйбаны арттырууга багытталган «Өнүгүү», университет жана окуучулар кызматташтыгына багытталган «Кампус» топтору менен «Сен татыктуусуң» түшүнүгүн Нобелде ишке ашырып келебиз.

Nobel компаниясындагы жашоо

Биз Nobel компаниясын биздин кызматкерлер үчүн да, потенциалдуу талапкерлер үчүн да мыкты жумуш орду кылууга аракет кылабыз. Биздин компания кызматкерлердин дене, акыл-эс жана эмоционалдык ой-толгоолоруна жарык берген фокус-топтордогу сурамжылоо жана изилдөөлөрдүн натыйжаларына ылайык иш-аракеттер планын аткарат.

Күнүмдүк жакшы тажрыйбалар менен бөлүшүү, бөлүмдөрдүн ортосундагы байланышты/өз ара кызматташууну арттыруу, кызматкерлердин катышуусун жана өнүгүүсүн камсыздоо үчүн көптөгөн иш-чараларды өткөрөбүз. Күтүүчүз сюрприздер: Синдромсуз дүйшөмбү, ийкемдүү иш графиги, башкы жетекчи менен эртен мененки тамактануу, ачык эшик жолугушуулары, Nobel компаниясынын сыйлыктары, Nobel кызматкерлеринин балдарынын күнү, социалдык иш-чаралар (боулинг турнири, «Кош келдиң, жай» кечки майрамы), социалдык жоопкерчилик долбоорлору.

Nobel компаниясындагы карьера

Nobel компаниясынын ар бир кызматкери өзүнчө бир талант катары каралат. Биз ынтымактуу топто иштөөнүн маанисине терең ишенебиз. Тийиштүү талапкерлерди тийиштүү кызмат орундарына дайындоо, таланттарды өнүктүрүү процессин башкаруу жана алардын квалификациясын жогорулатуу, Nobel компаниясынын лидеринин компетенцияларын өнүктүрүү, «Менин карьералык жолум» («Мой Путь Карьеры») тиркемеси аркылуу ар түрдүү карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо, Nobel компаниясынын бардык кызматкерлери менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты сактоо биздин негизги артыкчылыктарыбыз болуп эсептелет.

Nobelİlaç Рецепттер Стажировкасы программасы менен биз татыктуу келечекти курган, дүйнөгө болгон жаңы жана өзгөчө көз карашка ээ жаш жана алдыга умтулган жаштарды даярдайбыз.

Nobel компаниясында карьераны өнүктүрүү

Биз дайыма өнүгүп турган жана дем берүүчү иш чөйрөсүн түзөбүз.

Башкаруу системасын эффективдүү колдонуу менен биз Nobel компаниясынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалайбыз. Алардын компаниянын максаттарына ылайык аныкталган жеке максаттарын адилеттүү жана системалуу түрдө баалап жана ишке ашырып, биздин кызматкерлердин өнүгүүсү үчүн ачык болгон тармактарда колдоо көрсөтөбүз.

Кызматкерлердин компетенциясынын, техникалык маселелердин жана фокус-топтордун негизинде тренингдерди өткөрүү менен биздин компаниянын комплекстүү өнүгүү перспективаларынын алкагында иштейбиз. Биздин компания кадрдык ресурстарга, алардын жаңы ыкмалардын негизинде өнүгүүсүнө жана топту колдоого багытталган.

Nobel Кампус

Nobel Кампус программасы аркылуу кампустарга келген университеттердин студенттери менен фармацевттик өндүрүштөгү жарым кылымдан ашык тажрыйбасы менен бөлүшөбүз жана карьерада алардын баалуулугун жана ийгилигин арттыруучу ыкмалардын жардамы менен калыптандырабыз.

Университеттердин студенттери үчүн фабриканы келип көрүп кетүүсүн уюштурабыз жана натыйжалуу, эффективдүү баарлашууну түзүү менен биздин менеджерлер жана өндүрүштүк ишканалардын түзүмү менен тааныштырабыз.