Биз тууралуу

Биз тууралуу
Жарым кылымдан ашык тажрыйба, жүз пайыздуу ички капитал

Жарым кылымдан ашкан тажрыйбага ээ глобалдуу Nobel компаниясы жүз пайыздуу ички капиталы менен 1964-жылы негизделген. Nobel компаниясында азыркы учурда беш өндүрүштүк комплекс бар, алардын үчөө Түркияда, бирөө Казакстанда, бирөө Өзбекстанда жайгашкан жана дүйнөнүн 20 өлкөсүндө уюмдары менен жарнамалык жана соода иш-чараларын өткөрөт. 3000ге жакын киши иштеген Nobel компаниясы болжолу менен дүйнөнүн 50 өлкөсүнө эл аралык стандарттарга ылайык өндүрүлгөн жогорку сапаттуу продукциясын экспорттойт

Түркиядагы сатуу менеджментин жана башкаруу ишмердүүлүгүн Стамбулда, Дүзже жана Гебзеде өндүрүш жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү, Черкезкөйдө жайгашкан комплексте чийки затты өндүрүүнү ишке ашырат.

Эл аралык стандарттарга ылайык өндүрүлгөн жогорку сапаттуу жана эффективдүү продукттары менен жашоонун сапатын жакшыртууга умтулган Nobel компаниясы Германия, Албания, Азербайжан, Беларусия, Босния жана Герцеговина, Болгария, Грузия, Швейцария, Черногория, Казакстан, Кыргызстан, Косово, Македония, Монголия, Молдова, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан жана Украина сыяктуу мамлекеттерде өзүнүн компаниялары аркылуу жарнамалык жана коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзөт.

Ар бир өлкөдө ишке ашырылган маркетинг ишмердүүлүгү Түркиядагы өзүнүн кызматкерлеринин жардамы менен узак жылдар бою күчүндө болгон эрежелерге ылайык ишке ашырылат.

Ulkar холдингинин түзүмүнө кирген Nobel İlaç компаниясы дүйнөлүк рынокко алгачкы кадамды Казакстанда жасаган, ал эми 2002-жылы түзүлгөн NobelAFF компаниясы өлкөдөгү чет элдик капиталга ээ биринчи өндүрүштүк ишкана болгон. Nobel компаниясынын сыймыгы болгон бул өндүрүштүк комплекс эк мыкты өндүрүштүк стандарттары үчүн GMP сертификатына ээ болгон өлкөдөгү биринчи ишкана болуп саналат.

Азиянын аймагында сыймыктануунун дагы бир булагы болуп Өзбекстандагы NobelPharmsanoat өкүлчүлүгүбүз эсептелет. Борбордук Азиядагы калкы эң жыш болгон Өзбекстан мамлекетинде түзүлгөн компания Nobel компаниясынын сапаты менен бирдей, өзүнүн атын жана брендин жасай алган, таанымал түрк бренди болуп саналат.

Миссия: «Эң негизгиси ден соолук» деген ишеним менен иштеп, жашоонун сапатын жакшыртуу биздин милдетибиз болуп саналат.

Дүйнөгө болгон көз караш: биздин көз карашыбыз дүйнөнүн бардык бурчунда адамдын ден соолугу үчүн ишенимдүү жана жеткиликтүү продукцияны камсыздоодон турат.