Корпоративдик жоопкерчилик

Корпоративдик жоопкерчилик
Коомдун, саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн жана искусствонун өнүгүшүнө көмөкчү болгон социалдык жоопкерчилик боюнча иш-чараларга катышуу Nobel İlaç компаниясынын корпоративдик жоопкерчилигинин негизги принциби болуп саналат.

Бир күн CEO

Одгерс Берндтсон тарабынан ишке ашырылган жана 12 жыл бою өткөрүлүп келе жаткан «Бир күн СЕО» программасы иш дүйнөсүндө маанилүү долбоор болуп саналат, анкени бул программа муундардын арасында эмпатияны жана түшүнүүнү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет жана жаңы муундун менеджерлерине өтө маанилүү тажрыйбаны өткөрүп берет. Программанын фармацевттие тармактагы жалгыз өкүлү болгон Nobelİlaç компаниясынын башкы менеджери Хакан Шахин Түркияда эки жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул программага башталышынан тартып колдоо көрсөтүп, студенттер менен иш дүйнөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп келет.

TMOK (Түркиянын улуттук олимпиадалык комитети) Fair Play университеттер кербени

TMOKтун Түркиянын ар бир аймагына баруу менен студенттерге Fair Play концепциясын жана мамилесин түшүндүргөн Fair Play университеттер кербени 2014-жылдан тартып азыркы учурга чейин ишке ашырылып келет. Спорттук саламаттык жаатындагы продукттары менен бул тармакта пайда алып келген Nobel İlaç компаниясы TMOK Fair Play университеттер кербенинин башкы демөөрчүлүгү алдында “жакшыга, туурага, кооздукка” түшүнүгүн келечектеги спортчуларга жеткирүүдө колдоо көрсөтүп келет. Fair Play түшүнүгүнүн спорттун бардык чөйрөсүндө кабыл алынышы үчүн жасалган эмгекке кошкон салымы үчүн сыймыктанат.

IKSV (Стамбул маданият жана искусство фонду)

Nobel компаниясы “Эң негизгиси ден соолук деген ишеним менен иштеп жашоо сапатын жогорулатуу” милдетин аткарып, “Искусство татыктуу” принциптерин кармануу менен, фестивалдын аудиториясын кеңейтүүгө колдоо көрсөтөт.

Кызыл Айда кан донору болуу

«Эң негизгиси ден соолук» деген ишеним менен жарым кылымдан ашкан мезгил бою талпынып иштеген жана ишке ашырган корпоративдүү социалдык жоопкерчилик иш-чаралары менен коомдун саламаттыгына колдоо көрсөтүүнү максат кылып алган Nobel İlaç 3 жылдан бери өткөрүп келген Кызыл Ай кан донорлугу кампаниясын сөңгөк клеткасын тапшырууну да камтыган деңгээлде кеңейтти. “Кан жана сөңгөк клеткасын тапшыруу менен жашоону куткаруу өтө маанилүү” деген түшүнүк менен ыктыярдуу түрдө катышкан Nobel кызматкерлери Кызыл Айга сөңгөк клеткаларын жана кан тапшырып келишет.

«Кызгылт унаа» долбоору

Nobel İlaç менен бирге Функционалдуу урология жана айымдар урологиясында иш-чараларды жүргүзгөн Kontinans журналы кызматташтыгы менен башталган жана белгилүү жаш топторунда айымдарда көбүрөөк кездешкен жижиң оорусуна көңүл буруу үчүн даярдалган “Кызгылт унаа” долбоору 2016-жылдын май айында жана 2017-жылдын май айында ишке ашырылган. Стресс учурундагы жижиң оорусу айыгуучу оору экендигин калкка жеткирүү долбоордун максаты болуп эсептелет. Бул долбоорго 9000 ашык айым катышат.

TEGV (Түркия билим берүүнүн ыктыярчылар фонду) Оюн-зооктор, билим берүү, гигиена ыктыярчы билим берүү программасы

TEGV караштуу “Оюн-зоок, билим алуу, гигиена” билим берүү программасынын ыктыярдуу мугалими болууну чечкен жана ден соолукта жашоо образын жаш куракта үйрөтүп, өнүктүрүү керектигине ишенген Nobel İlaç кызматкерлери 7 ар башка жыйында башталгыч мектеп курагындагы 120 балага жугуштуу ооруларлан сактануу боюнча сабактарды өттү. 114 өлкөдө 169.000 мүчөсү болгон коомдордо позитивдүү өзгөрүүгө жана өнүгүүгө салым кошуу үчүн жаштардын лидердик, ишкердик жөндөмдөрүн жана социалдык жоопкерчилик түшүнүгүн өнүктүрүү милдетин алган Эл аралык жаштар палатасы (JCI) Nobel İlaç компаниясынын бул программасына “2016 Эл аралык корпоративдүү социалдык жоопкерчилик” сыйлыгын берген.

«Баалуу жүрөк»

Ар бир жылы 29-сентябрь Дүйнөлүк жүрөк күнү деп белгиленет. Бул майрам жүрөк-кан тамыр ооруларына көңүл бурууга, жүрөктүн саламаттыгы тууралуу билимди кеңейтүүгө жана жүрөктүн саламаттыгын жакшыртууга салым кошууга багытталган.

Бул долбоордун алкагында Nobel İlaç компаниясы Мардин шаарындагы Йешилли районунун Коюнлу айылындагы мектептерге барып жана балдар жолугуп, аларга ден соолукту коргоо боюнча жалпы маалымат берген. Nobel İlaç компаниясы бул долбоордун алкагында компаниянын ичинде баштаган кайрымдуулук кампаниясын да баалуу жүрөктөргө жеткирген.

Ар бир кызматкер үчүн бир көчөт

Токой чарбачылыгы министрлиги жана Nobel İlaç компаниясы биргелешип өткөргөн «Ар бир кызматкер үчүн бир көчөт» кампаниясында кызматкерлерибиздин да кошкон салымы менен 2000 даана көчөт берилген. Бейкоз Бозхане айылында Кара деңиздин жээгинде Nobel кызматкерлери өз үй-бүлөсү менен бирге катышкан иш-чарада көчөттөр отургузулду, ал жерде азыр эстелик катары «Nobel Hatıra Ormanı» жазуусу калтырылды.