Nobel AFF

Nobel AFF
Нобель Алматы фармацевттик заводу АКсы (Nobel Almatı İlaç Fabrikası A.Ş. / NobelAFF) Казакстандагы алдыңкы фармацевттик өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. 2002-жылы Алматыдагы фармацевттик заводдун реконструкциясынын алкагында олуттуу инвестициялар Ulkar холдинги тарабынан жасалган.

Нобель Алматы фармацевттик заводу АКсы (Nobel Almatı İlaç Fabrikası A.Ş. / Nobel AFF) Казакстандагы алдыңкы фармацевттик өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат. 2002-жылы Алматыдагы фармацевттик заводдун реконструкциясынын алкагында олуттуу инвестициялар Ulkar холдинги тарабынан жасалган. Заводдо өндүрүштүк аянттар жаңыртылды, GMP эл аралык стандарттарына ылайык жаңы өндүрүштүк аянттар курулду. Биринчи баскычта заводко 40 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция жасалган, ал эми 2015-жылдагы инвестициялык ишмердүүлүктүн алкагында өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга 30 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция жасалган. Жакынкы аралыкта илимий-техникалык потенциалды арттыруу үчүн жана биотехнологиялык продукттарды өндүрүү үчүн 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция жасоо пландалууда.

10 000 м² аянтты ээлеген Nobel AFF компаниясы жана продукциялардын катуу, суюк, суспензиялык, жарым катуу жана гель түрүндөгү фармацевттик формалары өндүрүлгөн 5 өндүрүштүк аянтка ээ. Заводдогу бардык өндүрүштүк аянттар GMP тарабынан тастыкталган жана өндүрүштүк ишмердүүлүк эл аралык стандарттар боюнча ишке ашырылат. Nobel AFF 2011-жылы Казакстанда GMP сертификатын алган биринчи компания болгон жана ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин текшерүүсүнөн ийгиликтүү өткөн. Nobel AFF компаниясы Казакстандагы жана КМШ өлкөлөрүнүн аудиторлору жана келишимдик өндүрүшкө ээ болгон көп улуттуу фармацевттик компаниялардын аудиторлору тарабынан мыкты деп бааланган.

Объекттин өндүрүштүк аянттары GMP стандарттары боюнча вентиляциялык орнотмолоруна ээ болуп, Италиядан, Англиядан, Германиядан, Швейцариядан, Бельгиядан, Даниядан, АКШдан, Түркиядан, Индиядан жана Түштүк Кореядан алынып келинген заманбап жабдыктар менен жабдылган.

Завод жылына 750 миллион таблетканы, 250 миллион капсуланы, 20 миллион суспензия сироптуу флаконду, 10 миллион крем-гель тюбиктерин өндүрөт, бул Казакстан рыногундагы фармацевттик продукциянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Азыркы учурда NobelAFF компаниясынын продукциясынын ассортиментинде микробго каршы, антибиотикалык, анальгетикалык-дене табын азайтуучу, сезгенүүгө каршы, гипотензивдүү, гиполипидемиялык, нейропсихиатриялык, жараларга каршы, онкологиялык препараттар сыяктуу ар кандай фармацевттик топтордогу 83 молекулага жеткен 250гө жакын продукттар бар.

Биздин ишканада физика жана химиялык анализдер лабораториясы, микробиология лабораториясы жана өндүрүштүк көзөмөл лабораториясы бар. Биздин лабораториялар эл аралык деңгээлде, компетенттүү мамлекеттик мекемелер тарабынан аккредитацияланган, эң алдыңкы технология жана өлчөөчү аспаптар менен жабдылган. Мындан сырткары, даяр продукция Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Фармацевтика, медициналык материалдар жана медициналык техникалык жабдыктар боюнча улуттук эксперттик борбордун” лабораториясында текшерилет.

NobelAFF компаниясы Казакстанда жергиликтүү фармацевттик өндүрүүчүлөрдүн арасында сатуулардын көлөмү боюнча экинчи орунду ээлейт. NobelAFF компаниясы Россияга, Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Монголияга экспорттун көлөмүн улам жогорулатып турат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан фармацевттик өндүрүүчүлөрдүн арасында лидер болгон.

Жогорку сапаттуу, ишенимдүү жергиликтүү дары-дармектерин өндүрүү менен адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу, ошондой эле рынокко сунушталган продукция тууралуу керектөөчүлөргө жана дарыгерлерге так жана пайдалуу маалыматтарды берүү компаниянын негизги максаты болуп саналат. Бул максатта компания Казакстандын бардык шаарларында өкүлчүлүктөрдүн тармактарын түзгөн.

Азыркы күндө компанияда 500гө жакын киши иштейт. Компаниянын кызматкерлери кесиби боюнча билим алуу семинарларга дайыма катышып турат жана GMP жана ISO эрежелерине ылайык билим алышат. Компаниянын сапат менеджменти системасы ISO 9000: 2001 стандартына жооп берет жана Түркия стандарттар институтунун жана Эл аралык сертификация системаларынын борборунун сертификаттарына ээ.