Дүзжедеги фармацевттик илимий-изилдөө борбору

Дүзжедеги фармацевттик илимий-изилдөө борбору
65 изилдөөчүсү бар жана жалпы формуляцияны өнүктүрүү үчүн жаңы алып жүрүүчү системаны түзүүдө тажрыйбага ээ болгон илимий-изилдөө борбору болуп саналат.

Катуу дары-дармектик формалар (кадимки / модификацияланган / мөөнөтү жылдырылган релиздүү таблеткалар, эки каттуу таблеткалар, капсулалар, ADT, шуулдак бүдүрлөр, чайноочу таблеткалар, пастилка жана микропеллеттер), суюк дары-дармектик формалар (эритмелер, суспензиялар, сироптор, тамчылар), жарым катуу дары-дармектик формалар (крем, помада, гель жана лосьондор), цефалоспорин тобундагы антибиотиктер, парентералдык дары-дармектер (лиофилизацияланган продукттар, колдонууга даяр болгон ийнелер, флакондор) жана кургак күкүм үчүн ингаляторлор сыяктуу багыттарда адистешкенбиз.

Nobel İlaç компаниясынын илимий-изилдөө борбору патенттик бөлүм менен баалоону биргеликте жасап, оригиналдуу продукттарга таандык патенттерди бузбаган инновациялык формуляциялардын жана патент үчүн кайрылуулардын жасалышында тажрыйбалуу.

Формуляцияларды өнүктүрүүдөн сырткары өндүрүштүк ыкманы өнүктүрүп, ылайыктуу технологиялык баалоону жасоо менен эң эффективдүү түрдө продуктту өндүрүш аянттарына технологиялык өткөрүп берүү аркылуу чыгарабыз.

Рецептураларды иштеп чыгуудан сырткары биздин илимий-изилдөө борборубуз чийки зат жана даяр продукция үчүн аналитикалык ыкмаларды иштеп чыгууга, ошондой эле иштелип чыккан ыкмалардын текшерилишине жооп берет. Фармацевттик формулаларды ийгиликтүү иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги аналитикалык изилдөөлөр керектүү. Ушул себептен иштелип чыккан формулалар боюнча өндүрүлгөн дары-дармектердин коопсуздугу аныкталган ыкмалардын жардамы менен изилденет. Биздин илимий-изилдөө борборубуз учурдун эң заманбап анализ жасоочу аспаптары менен жабдылган жана анализ жүргүзүү лабораториялары курулган.