Nobel Pharmsanoat

Nobel Pharmsanoat
Nobel Pharmsanoat Түркияда 1964-жылы курулган жана 20дан ашык өлкөдө филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бар Nobel İlaç компаниясынын дүйнөдөгү 3 чоң өндүрүштүк комплекстеринин бири болуп, 400гө жакын кызматкери менен Өзбекстанда 2002-жылдан тартып иштеген фармацевттик компания.

2012-жылы эл аралык ISO 9001: 2008, 2014-жылы ISO 22000: 2005 (HACCP), 2016-жылы GMP сапат сертификаттарын алган.

Учурдагы өндүрүштү жакшыртуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн Nobel İlaç компаниясы дүйнөлүк стандарттар боюнча иштеген жаңы заводду курууну чечкенден кийин 2013-жылдын 16-ноябрында жаңы заводдун курулушун баштаган, анын курулушу 2017-жылдын август айында аяктаган. Nobel компаниясы Өзбекстанда технологияларды өнүктүрүү үчүн жасалган инвестициялардын алкагында АКШ, Германия, Кытай, Швейцария, Улуу Британия, Италия, Япония, Түркия, Корея жана Индия сыяктуу мамлекеттерден жаңы өндүрүштүк жана лабораториялык жабдыктарды алып келген. Азыркы учурда фабрикада 60 ашык дары-дармектерди өндүрүү үчүн өндүрүштүк жабдыктар менен физика, химия, микробиология лабораториялары, чийки зат, таңгактоо жана даяр продукциялардын кампалары бар. Биздин өндүрүш толугу менен Европанын GMP стандарттарына жооп берет.

Компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион кутуну түзөт. Компания таблетка, капталган таблетка, капсула, күкүм суспензиялары, тамчылар, спрей жана пенициллин сыяктуу ар түрдүү топтогу 60 молекула камтылган 110 продукттан турган ассортиментти чыгарат.

NobelPharmsanoat компаниясы жергиликтүү дары чөптөрдүн негизиндеги дары-дармек препараттарын өндүрүү боюнча Өзбекстандын Илимдер академиясынын Фитотерапия институту менен кызматташат. Азыркы күндө жергиликтүү чийки заттан өндүрүлгөн продукциянын 5 түрүнүн ичинен 3ү чет өлкөгө экспорттолот. Биздин компанияда жаңы курулган илимий-изилдөө борбору жаңы молекулдарды изилдөө жана өндүрүшкө киргизүү үчүн аракет кылууда. Мындан сырткары, жакында чийки затты өндүрүүчү объектибиз заманбап технологиялар менен жабдылып иштей баштайт.

Азыркы учурда Nobel компаниясы Түркияга, Казакстанга, Афганистанга жана Грузияга “Өзбекстанда жасалган” жазуусу менен өнүмдөрдү экспорттойт.

NobelPharmsanoat айлана-чөйрөнү коргоого жана экологияга өзгөчө көңүл бурат. Өндүрүштө калдыксыз технология системасы колдонулат жана суу тазалоочу система курулган.