Мармара Технокент (MARTEK) Биотехнологиялык илимий-изилдөө борбору

Мармара Технокент (MARTEK) Биотехнологиялык илимий-изилдөө борбору
Биотехнология чөйрөсүндө жергиликтүү өндүрүштү ишке ашыруу жана жаңы молекулдарды өнүктүрүү максатында TUBITAKMarmara технопаркында курулушу аяктаган GMP/GLP шарттарын камсыздаган илимий-изилдөө комплекси. Бул жакта өлкөбүздүн муктаждыктары артыкчылыктуу болуу менен жаңы жана кошумча баасы жогору продукттарды өндүрүү боюнча иштер аткарылууда.

Nobel İlaç «Ден соолук үчүн татыктуу» милдетин өзүнө алып, илимий-изилдөө лабораториялары жана 2x1000л реактордуу GMP өндүрүү комплекси менен Түркиянын эң маанилүү жогорку технологиялуу Биотехнологиялык фармацевттик объекттеринин бирин курган. Астыңкы жана үстүңкү агым процесстерин өнүктүрүү лабораториялары, биоассай жана биоаналитика лабораторияларын камтыган жана керектүү таза бөлмө классификацияларына ылайыктуу түрдө курулган комплекс жылына 4 жаңы продуктту өнүктүрүү үчүн керектүү бардык стандарттар боюнча иштей турган жабдыктарга жана инфраструктурага ээ, GMP тартып бардык сапат жана документация стандарттарына жооп бергендей курулган.

Биологиялык дары-дармектерди иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө борборунун квалификациялуу персоналы молекулярдык биология, генетика жана биоинженерия сыяктуу багыттарда билим алган, Түркиядан да, чет мамлекеттен да келген магистр жана доктор илимий даражасына ээ илимпоздор тобунан турат. Nobel İlaç компаниясынын Биотехнологиялык илимий-изилдөө борбору инвестиция менен биосымал дары-дармектерди иштеп чыгуу менен гана алек болбостон, баштапкы дары-дармектерди иштеп чыгууну улантып келет жана дүйнөдө Түркияны бул тармакта татыктуу орунга жеткирүүдө керектүү экосистеманы түзүүнү максат кылып аныктады. Бул максаттын алкагында Түркиянын алдыңкы институттары жана университеттери менен кызматташтык долбоорлору улантылып келет.

DSО, EMA жана FDA тарабынан кабыл алынган стандарттар биотехнологиялык дары-дармектерди иштеп чыгуу жана өндүрүүдө эске алынат, ал эми иштелип чыккан дары-дармектер Түркияда гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө сатылат.