Nobel İlaç компаниясынын ИИБ

Nobel İlaç компаниясынын ИИБ
Nobel İlaç дүйнөдө бейтаптардын дагы да саламаттуу жана сапаттуу жашоосун камсыздай турган таасирдүү, коопсуз, бейтаптардын талаптарына жооп берген, инновациялык экономикалык продукттарды жакшыртуу менен адамдын ден соолугун жакшыртуу үчүн тартуулоо максаты менен иштейт.  

Nobel İlaç компаниясы жарым кылымдан ашык тарыхы жана жогорку квалификациялуу адистери менен, компания түзүлгөндөн тартып илимий-изилдөө борборунун маданиятына негизделүү менен заманбап технологияга ээ лабораториялары менен илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн 3 башка аймакта ишке ашырат.

  • Дүзжедеги фармацевттик илимий-изилдөө борбору
  • Мармара Текнокент (MARTEK) биотехнологиялык илимий-изилдөө борбору
  • UlkarKimya илимий-изилдөө борбору

Nobel İlaç илимий-изилдөө борборунун стратегиясы мекеменин стратегияларына ылайык иштөө аркылуу инновациялык продукттарды жакшыртып чыгарууга негизделген. Nobel İlaç продукциясынын ассортиментинин 95% жана 39 өлкөдө уруксат берилген фармацевттик формуляциялардын бардыгы өзүнүн илимий-изилдөө борборунда жасалган иштин натыйжасы болуп эсептелет

Илимий-изилдөөчүлүк иштери улуттук жана эл аралык эрежелер жана жетекчиликке ылайык Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан аныкталган Эл аралык сапаттуу өндүрүштүк тажрыйбанын (GMP) жана Мыкты лабораториялык тажрыйбанын (GLP) эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.